«Кыргыз жараны»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 — жылдын 24-декабрындагы №341 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны-жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият , Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Кыргыз жараны”логотиби иштелип чыккан.
Ушул 2021-2026 – жылдарга Кыргыз Республикасында жарандык бирдейликти-кыргыз жараны өнүктүрүү Концепциясы (мындан ары – Концепция) 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат.
Азыркы учурда маданий, этностук жана диний айырмачылыктарына карабастан өлкөнүн эгемендигин жана анын бакубаттуулугун бекемдөө умтулуусу менен бириккен Кыргыз жараны болгон Кыргызстандын жарандарынын бирдиктүү коомчулугун түзүүгө багытталган 2018-2040 – жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ишке ашырылууда.
Ушул Концепциянын артыкчылыктуу багыттары:
1. Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.
2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, сабырдуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын урматтоону сактоо.
3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
4. Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине бирдей шарттарды түзүү.
5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу.
Комментарии