Программная аккредитация

    -ПРОГРАММНАЯ АККРЕДИТАЦИЯ-    

Киришүү

Бишкек шаарынын Ленин районунун №7жалпы орто  билим  берүү  мектебинин   жалпы   мүнөздөмөсү:

  • Билим берүү уюмунун аталышы: Бишкек шаарынын Ленин районунун №7жалпы орто билим берүү мектеби
  • Дареги: Бишкек шаары, Ленин району, Матыева көчөсү, №13 Телефону :(0312)351904
  • Менчик формасы: муниципалдык
  • Билим берүү уюмунун статусу: жалпы орто билим берүү
  • ИНН  01504200410193
  • ОКПО  20900786
  • Мектеп имараты- типтүү
  • Мектептин жалпы аянты:18379 кв.м
  • Имараттын аянты -3087,1 кв.м
  • Окутуунун формасы: Күндүзгү
  • Окутуу кыргыз, орус  тилинде жүргузүлөт
  • Негизделген жылы: 1-сентябрь 1936-ж
  • Окутуу 2 сменада жүргүзүлөт
  • Мектептин иштөө режими — 5 күндүк укуу жумалыгы
  • Мектеп 600 орунга   ылайыкталган
  • Окуучулардын саны – 821
  • жалпы 32 класс комплект бар
  • Мугалимдердин  саны – 42

Мектептин миссиясы:“Коомдун жана мамлекеттин заманбап суроо-талаптарына шайкеш келген билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн билим берүү процессинин субъекттерин ар тараптуу өнүктүрүү жана өзүн-өзү тарбиялоо үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү”.

№7 жалпы орто билим берүү мектеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2018-жылдын 9-январындагы №13/1 буйругу менен аккредитациядан өткөндүгүн тастыктаган №СС 180003698 каттоо номери 2018/0048 сертификатка ээ.

Билим берүү уюмунун жетекчисинин аты-жөнү, байланыш телефону: Файзуллаев Нурбек Шайдуллаевич 0700 744 774

Мектептин почтасы:  [email protected]

 

Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база

1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ
1.1

Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү

№7жалпы орто билим берүү мектеби өз ишинде  билим берүү программалары  аркылуу инсандын жалпы маданиятын   калыптандырууга жана коом  турмушуна ыңгайлашуусуна, өздөштүрүүнүн пайдубалын  түптөөгө багыттайт.

Билим берүү программалары  окуп жаткандардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

Окуу процесси Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн базистик окуу планынын негизинде жүрөт.

Мектеп өзүнүн Уставына ылайык жалпы орто билим берүү менен иш алып барат.

Мугалимдер ар бир предмет боюнча бекитилген стандарттын негизинде КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген программалар боюнча иштешет.

Мектептин ишин жөнгө салуучу  ички лакалдык актылар  бар.

Алар мамлекеттик стандартка жана билим берүүнүн мыйзамдарына жооп берет.

Календардык –тематикалык пландар окуу планынын, программанын негизинде мамлекеттик стандартты аткарууга ылайык  мугалимдер тарабынан иштелип чыгып УБнин отурумдарында каралып, педагогикалык кеңеште бекитилген.

Мамлекеттик стандартка ылайык келүүчү окуу-методикалык камсыздоонун түзүлүшү:

  •  Бекитилген  базистик окуу планы;
  •  КР билим берүү стандарты;
  •  Календардык тематикалык план;
  •  Сабактын пландары;

Класстардын комплектиленүүсү:

Окуу планы:

Сааттардын торчосу:

 

1.2

Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү

Мектептин окуу-методикалык камсыз кылуусу билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын муктаждыктарына жана алардын керектөөлөрүнө жооп берет.

Билим берүү стандартынын алкагында жыл сайын Кыргыз ББ Академиясы тарабынан иштелип чыккан предметтер боюнча программалар сатылып алынат.

Мектеп 89% билим берүү программалары жана стандарттар менен камсыз камсыз кылынган,о.э мугалимдер КР билим берүү жана илим министирлигинин сайтынан  колдоно алышат.

Кызыкдар тараптардын керектөөлөрү эске алынган.

Сурамжылоолордун жана кызыктар тараптын керектөөсүн эске алып мектеп компонентинин программасы иштелип чыккан жана бекитилген.

Окуу- методикалык материалдар менен камсыз кылууну талдоо 5 жылдын ичинде оң динамиканы көрсөтөт.

Айрым предметтер боюнча  методикалык   колдонмолор жетишсиз.

КТП:

Башталгыч класстар:

1-класс:

2-класс:

3-класс:

4-класс:

Начальные классы:

Кыргыз класстар:

Орус класстар:

1.3Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу

 

Мектепте билим берүү иштериндеги окуу,усулдук адабияттарынын ж.б. китепкана-маалымат каражаттары менен жабдылган китепканасы бар.

Мектепте маалыматтык ресурстартар окутуу эки тилде жүргүзүлгөндүктөн  окутуу тилдерине жараша окуу китептеринин фонду жана методикалык адабияттар о.э көркөм адабияттардын фонду  уюшулган.

Китепкананын окуу жана көркөм адабият фонду дайыма жаңыланып жана көбөйтүлүп турат.

  •  Китепканада  9468 китеп бар.
  • Окуу-методикалык адабияттарынын жалпы саны-250 экз.
  • Окуу китептери  -7403 (кыргызча 3902,орусча-3501)
  • Көркөм адабияттардын саны-2065 экз.
  • Жетишсиз окуу китептери бар:

-кыргыз класстарда-1210 экз

-орус класстарда-1180 экз

1.4
Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун  жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
 

Бардык маалыматтар ачыкка чыгарбоонун керектүү эрежелерин сактоо менен Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына  киргизилет.

Мектеп жыл сайын  билим берүүнүн сапатын  анонимдүү анкеталоо, сурамжылоо, талкуулоо жолу менен  ата-энелердин муктаждыктарын жана канааттануусун изилдейт.

Сурамжылоонун натыйжалары жана анкеталар ар кандай кызматтар тарабынан окуучулардын анкеталары –парламент тарабынан , мектептин социалдык кызматы менен биргеликте, ата-энелердин анкеталары –ата-энелер комитети, мектеп администрациясы менен биргеликте талданат.

Кызыкдар тараптарды  сурамжылоонун жыйынтыктары талданат, жалпыланат, маалымдалат.

Көтөрүлгөн маселелер методикалык жыйындарда , директорго караштуу кеңешмеде,   ата — энелер чогулушунда талкууланат.

Коомдук пикирди талдоонун негизинде алынган сунуштар жана каалоолор  боюнча иш пландарга түзөтүүлөр киргизилип,башкаруу чечимдери кабыл алынат.

Баалоого  тышкы механизмдерди тартуу менен мектеп ичиндеги мониторинг системасы жолго коюлган.

Жыл сайын мектептин  предметтер боюнча билим сапатын  текшерүүнүн  ички көзөмөлүнүн планы  жана  Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан берилген  предметтер боюнча билим сапатын текшерүү жүргүзүлөт.

Мындан тышкары  билим  талдоо,баалоо жана мониторинг борбору  о.э улуттук тестирлөо борбору тарабынан да баалоо жүргүзүлүп жыйынтыктары мониторингде көрсөтүлөт.

Билим берүү уюмунун веб-сайтында билим берүү уюму тууралуу керектүү маалыматтар жайгаштырылып, маалыматтык материалдар дайыма жооптуу адам тарабынан жаңыланып турат.

Ар бир маалымат боюнча (соц.тармактарда,веб сайттарда) конфеденциялдуулук камсыз кылынат, тиешелүү адамдар гана  базага кире алышат.

Окуучулардын майыптуулугу, ден соолугу ж.б маалыматтар жайылтылып айтылбайт.

 

 

Усулдук бирикмелердин протоколдору:

 

Күчтүу жагы :

Окуу планы жана программалары билим берүү стандартынын талаптарына жооп берет.

Окуу-методикалык камсыздоо билим берүүнүн  стандарттык талаптарына ылайык келет.

Мектептин ишмердүүлүгү  билим программасынын мазмунуна дал келет.

Окуу жылынын жыйынтыгы жана ар бир аткарылган иштердин мониторингин, иш чаралардын натыйжасын талкуулоо ,күчтүү жана алсыз жактарды талдоо менен  чечимдердин кабыл алынышы .

Алсыз жагы: Мектепте окуу процессин камсыз кылуу үчүн маалыматтык материалдарды толуктоо талап кылынат. Окуу китептериненен орус класстын  физика китеби жетишсиз.

2.КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО

 
Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
2.КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО
2.1

Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу;

 Билим берүү процессинин эң негизги максаттары,мамлекеттик стандарттын негизинде,   мектептин билим  берүү  программасынын максаттарын  жана багыттарын аныктайт.

КРнын мектепте билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык,мектептин  өнүгүү максаттарын эске алуу менен предметтик мугалимдер өзүнүн максаттарын окуучунун окуу чөйрөсүн уюштурууга, өз алдынча изденүүсүнө багытталган компетенттүүлүктөрдү эске алуу менен  максаттарды коюшат.

.Мугалимдер сабактын күндүк пландарын жазууда максаттарды окуучунун позициясында коё билишет.

  1. Маалыматтык компетенттүүлүк
  2. Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк
  3. Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү

Максат  коюу  мамлекеттик  стандартка  ылайык  келет.

Пландарды иштеп чыгуу календардык-тематикалык пландоонун негизинде жүргүзүлөт.

Окутууну пландаштырууда, максатын коюуда негизги басым окуучулардын   компетентттүүлүгүн камсыз  кылууга жана баалоого  жасалат.

Сабактардын план-конспектилери:

2.2

Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу

Сапаттуу билим берүү педагогдун билимине,  кесиптик чеберчилигине, жөндөмдүүлүгүнө б.а иш билгилигине көз каранды экендигин практикада кездештирип келебиз.

Ар бир мугалимдин окуучуларга билим берүүдөгү ыкмалары ар башка.

Окутуунун ийгиликтүүлүгү анын максаттарынын кандай болушуна жана материалдык мазмунуна гана көз каранды эмес, ал  коюлган максаттарга жетишүүнүн жолу кандай болушуна,  окутуунун методу кандай экендигинен б.а мугалимдин  колдонгон ыкмасына көз каранды.

Демек, биз окуучунун муктаждыгын билип, баланы шыктандырып,колдоо көрсөтүп алдыга умтулуусуна түрткү беришибиз керек.

Ал үчүн сабакта ар түрдүү деңгээлдеги балдарды эске алуу менен окутуунун технологияларын  туура колдонушубуз  зарыл.

Окуу-тарбия процессинде мектеп мугалимдери инновациялык ыкмаларды ,заманбап технологияларды колдонушат.

МКТ ишке киргизүү максатында мектебибизде тиешелүү шарттар түзүлгөн, бирок жетишсиз.

85% мугалимдин бардыгы тең МКТ сабактарында туруктуу колдоно алышат.

Мектепте  2 проектор  бар.

Сабактарды интерактивдүү ыкмада, эффективдүү өтүү максатында интернет желеси туташтырылган.

МКТ компетенттүүлүктөрүнө ээ мугалимдердин ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында мектепте мугалимдер үчүн үйрөтүүчү, теориялык  жана практикалык  семинарлар  жана педагогикалык окуулар уюштурулуп турат.

Мугалимдер мындан тышкары   өз билимин жогорулатуу боюнча  курстан өтүп   билимдерин жогорулатып турат.

2018-2019-жылы 17 мугалим, 2019-2020-жылы 9 мугалим, 2020-2021-жылы 10 мугалим , 2021-2022- 2мугалим  курстан өтүштү.

USAID “Окуу керемет” долбоору боюнча 6 мугалим  окуп жатышат.

Семинарлар:

Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү темаларынын үстүндө иштөөсү боюнча маалымат:

 

2.3.

Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу;

Ар бир сабакта үйрөнгөн материалды контролдоо үчүн (практикалык, лабораториялык,контролдук иш) мектеп мугалимдери кайтарым байланыштын ар кандай формаларын колдонушат.

Окуучулардын билим  алуу процессинин кайсы  жактарына көнүл буруу керек экенин көрсөткөн  кайтарым байланыш окуучуларга    билим алууда өз күчүнө ишенип,өздөрүнүн жетишкендиктерин жогорулатууга түрткү берет.

Натыйжалуу кайтарым байланыш төмөнкү: эмнени жакшы аткара алды, эмнени жакшыртуу керек,  кантип жакшыртуу керек деген  үч суроого жооп берет.

Кайтарым байланыштын формасын тандоо мугалимге, сабактын түрүнө, анын окуган жериндеги ордуна жараша болот.

Кайтарым байланыш билим берүүнүн сапатына чоң таасирин тийгизет,анткени бул мугалимдин иш-аракеттерге болгон реакциясы жана окуучунун  ишинин натыйжасы.

Мектепте системалуу түрдө өз ара сабакка катышуу УБжетекчилери, насаатчы мугалимдер жана мектеп администрациясы тарабынан практикаланат.

Сабактын аягында сабак берген мугалимдин өздүк анализи угулуп,күчтүү жана алсыз жактары аныкталып,усулдук жактан кеңештер айтылат.

Дайыма  өз ара сабакка катышуунун жана  ички көзөмөлдөөнүн жыйынтыктарына ,натыйжаларына талдоо жүргүзүлүп,айрым учурда педагогдордун иш ыкмаларын жана технологияларын өзгөртүү сунушталат.

Окутууну баалоодо  мугалимдер өз ара тажрыйба алмашуу максатында  ачык сабактарга  катышып турушат.

Чейректин жыйынтыгы боюнча  жана алынган  ички көзөмөлдүн жыйынтыктары  боюнча мониторинг түзүлүп  , педагогикалык  кенеште талкууланат жана  алсыз жактарды чечүүнүн механизми иштелип чыгат.

Ата-энелер менен байланышып, чейрек сайын чогулуштар   өткөрүлүп турат.

Мугалимдердин жана окуучулардын ишмердүүлүгүн анализдөө жана корректировкалоо максатында сурамжылоо,  аңгемелешүү, байкоо иштери жүргүзүлөт.

Сурамжылоо жана анкета жылына 1 жолу мугалимдерден жана ата-энелерден, ал эми окуучулардан чейрек сайын алынып, жыйынтыгы анализденип, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Анкета алуу жана сурамжылоо мектептин өнүгүүсүнө, кемчиликтерди оңдоого түздөн-түз салым кошот.

2.4

Билим берүүнүн стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объктивдүү жана ачык-айкын системасынын болушу

Мамлекеттик билим берүүнүн окуу стандарты (2014-ж. 21.07. №403) билим берүүнүн сапатын баалоо бекитилген ченемдик-укуктук актылардын негизинде окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин, окуу программаларын өздөштүрүүсүн, билим берүүнүн  сапатын  жогорулатуунун натыйжасында  жүргүзүлөт.

Мектепте  билимди баалоо системасы, билим берүү жетишкендиктеринин стандартташтырылган  ар кандай сыноолорду пайдалануу менен  бааланат.

Мектепте окуучулардын жыйынтыктоочу баалоосу чейректик, жылдык болуп бааланат.

Атайын иштелип чыккан эрежелерге ылайык жүргүзүлөт ,  баалоо критерийлерине карата жазуу жүзүндө жана оозеки жүзүндө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 9,11-класстарда баалоо билим берүү жана окуу стандартын аткаруу менен мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын негизинде ишке ашырылат.

Окуу жылыныны аягында бардык класстардан билим сапатынын динамикасын көзөмөлдөө максатында  салыштырмалуу талдоо жүргүзүлөт.

Ал ички жана тышкы баалоонун жыйынтыгынын мониторинги  жана  көзөмөлүнөн турат.

Мониторингдин натыйжалары педагогикалык кеңештерде, директордун  алдындагы  кеңешмелерде, методикалык кеңештерде, ,ата-энелер чогулушунда кылдат талданат.

Билим берүүнүн талаптарына ылайык билиминин предметтер боюнча алган баалары,мектептен,класстан тышкаркы иш чаралардагы,( спорттогу, сынактардагы, олимпиададагы ),тесттердеги жетишкендиктерди  баалоонун объективдүүлүгү жана ачык айкындуулугу системалуу түрдө ата-энелерге билдирилип турат.

Билим сапаты төмөн же жогору болгон предметтер  көзөмөлгө алынып , УБде иштер жүргүзүлөт.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация:

2.5

Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу

 Формативдик баа берүү  материалды   өздөштүрүүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуучунун өнүгүүсүн аныктоо ийгиликтерге жетишүү  үчүн сунуштарды иштеп чыгуу үчүн колдонулат.

Мугалим формативдик баа берүүнү, окутууну өз убагында коррекциялоо , пландаштырууга өзгөрүүлөрдү киргизүү,ал эми окуучулар алар аткарган иштин сапатын  жакшыртуу үчүн пайдаланат.

Диагностикалык баалоонун натыйжасы болбосо, мугалим калыптандыруучу баалоону тийиштүү деңгээлде колдоно албайт.

Ал эми сабак учурундагы калыптандыруучу баалоонун сапаты жыйынтыктоочу баалоонун натыйжасына таасирин тийгизет.

Окуучулардын билимин баалоону жүргүзүү стандарт боюнча жүргүзүлөт.

Мектептин ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана өзгөрүүлөр, баалардын коюулушу боюнча маалыматты өз убагында ата-энелерге жана окуучуларга жеткирүү класстык сааттар, ата-энелер чогулуштары, социалдык тармактар   жана  окуучулардын күндөлүктөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Мектептин сайты 7. edubish.kg , электрондук баракчасы, социалдык тармактар бар жана алар аркылуу мектептеги жаңылыктар чагылдырылып турат (фейсбук,инстаграм).

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоодо жана жыйынтыктоо аттестациясы мугалимдерден турган апелляциялык комиссиянын  курамы директордун буйругунун негизинде бекитилип, окуучуларга маалымат берүүчү   “экзамен  стенддери” чыгарылат.

Апелляциялык комиссиянын    курамына  окуу-тарбия  иштери   боюнча директордун  орун басарлары,  предметтик   мугалимдер  кирет.

Окуучулар алган баасына макул болбогон учурда апелляциялык коммисия кайрадан билим деңгээлин  текшерип, жыйынтыгын чыгарат.

Бул бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоодогу  бааларынын кайра кароонун жол жоболору, аппеляциялар КР ББиМнин мамлекеттик аттестациялоо боюнча  буйругунун, жоболорунун  негизинде жүргүзүлөт.

 

2.6

Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу;

Мектептеги коопсуздукту көзөмөлдөө максатында видео-көзөмөл камералары коюлган.

Окуу жылынын биринчи жумасында техникалык-коопсуздук, санитардык-гигениалык эрежелери боюнча инструктаждар өтүлөт.

Коноктордун чыгып кирүүсү боюнча көзөмөл кызматы иш алып барат.

Башталгыч класстын окуучуларын мектепке алып келүү жана мектептен алып кетүү маселесинде ата-энелерге толук жоопкерчилик жүктөлүп, ата-эне менен мектеп директорунун келишими менен ырасталган.

Коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу боюнча мектепте комплекстүү иш звенолорунун бири укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш болуп  саналат.

Окуучулардын өз ара мамилелерин кароодо тарбия завучу, класс жетекчилер жана мугалимдер соц.педагог ,психолог тыгыз байланышта иштешет.

Ар түрдүү маселелер боюнча педагогикалык кеңеш, директор  алдындагы кеңеш, этика комиссиясы, апелляция комиссиясы укук бузуунун алдын алуу кеңеши  менен  психолог  иш алып барат жана өз чечимдерин чыгарат.

Окуучулардын социалдык, үй-бүлөөлүк абалы боюнча окуу жылынын башында класс жетекчиси тарабынан сабак берген мугалимдерге педконсилиум өткөрүлөт.

Педконсилиум окуучу менен мугалимдин иш алып баруусун жеңилдетет.

Ишеним почтасы уюшулган.

Окуучулар жыл сайын медициналык кароодон өткорүлөт жана  тиешелүү болгон учурда эмдөө процедуралары  жүргүзүлөт.

Мектептин ден-соолукту чыңдоочу спорт аянтчасы, спорт залы бар.

Мектеп парламенти жана класс жетекчилер тарабынан ар түрдүү спорттук иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Бул иш-чаралардын негизги максаты окуучулардын өз ара аралашуусуна, командалык иштөөнү өнүктүрүүгө, ден соолугун чыңдоого багытталган жана спорттук иш-чаралар жыл бою бекитилген план боюнча ырааттуу түрдө өткөрүлөт.

 

2.7.

Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы;

 

 

Ички баалоонун төмөндөгүдөй комплекстүү формасы пайдаланылат:

  1. Кезектеги баалоо;
  2. Аралыктагы баалоо;( чейрек ичиндеги жазуу иштери,тесттер)
  3. Жыйынтыктоочу баалоо ;(жылдык ,мамлекеттик аттестациялоо)

Баалоонун негизинде ички мониторинг жүргүзүлөт, предметтер боюнча билим сапатынын деңгээлин аныктоого алынып, анализделип өсүү  динамикасы аныкталат.

Тышкы баалоо билим берүү  уюмунун динамикасына баа берүү кемчиликтерин аныктоо жана анын ички процесстерин жакшыртуу үчүн керек.

Тышкы баалоонун динамикалык көрсөткүчтөрү болуп:

  • ЖТРдин көрсөткүчтөрү;
  • Улуттук тестирлөө борборунун жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү;
  • Райондук ,шаардык, республикалык предметтик олимпиадалардын жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү;
  • Маданий массалык жана спорттук иш чаралардын жыйынтыгы;
  • ЦООМО;

Билим берүү уюмунун кызматкерлери  билим берүү процесстериндеги  иш чараларды үзгүлтүксүз баалап турган учурда, бул иш  чара сапат кепилдигинин бөлүгү болуп саналат.

Окуу жылынын аягында  ички,тышкы баалоо мониторингинин натыйжасы менен алсыз жактары анализделип,салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча  жаңы окуу жылына карата тапшырмалар,  милдеттер коюлат.

Мектептеги мониторинг системасы мектеп тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

 

2.8.

Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу

Мектепте жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана ага жооп кайтаруу процедуралары иштейт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык»жарандардын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө Жободо» белгиленген.

Арыздар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын атайын алар менен иштөө ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.

Этика комиссиясы уюшулган,баардык маселелер жеринде өз убагында чечилет.

Окуучулардын, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөр) арыздарын жана даттанууларды карап чыгып жана иш алып баруу үчүн “Ишеним кутучасы”, ишеним телефондору иштейт.

Түшкөн маалыматтарга, арыздарга анализ жүргүзүү үчүн атайын топ түзүлгөн.

Бул топко директор, директордун тарбия иштери боюнча орун басары кирет.

“Ишеним кутучасына” түшкөн маалыматтар боюнча ар айдын аягында анализ жүргүзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Суроолор менен кайрылган ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп,класс жетекчиси, директордун орун басарлары тарабынан көйгөйүн туура чечүү үчүн иш алып барылат.

Микроклиматтын абалын аныктоо боюнча мониторинг системалуу түрдө жүргүзүлөт. (класс, тарбия деңгээли )

2020-2021-окуу жылы үчүн ата-энелерден даттануулар түшкөн жок.

Жыйынтыгы:

Күчтүү жактары: Мектеп базистик окуу программасынын негизинде  иш алып барат. Негизги басым окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга багытталган. Мектепте сабактарды даярдоодо жана өткөрүүдө, жетишкендиктерди контролдоодо жана баалоодо МКТ колдонуу үчүн шарттар түзүлгөн. . Мектептин бардык мугалимдери окутууда компетенттүүлүккө арналган  методикалык семинарлардын материалдарын   үйрөнүштү жана колдоно алышат. Азыркы учурда мугалимдердин болжол менен 83 % ы компетенттүүлүк окутуу талаптарын чагылдыруу менен  сабактын  планын жаза алышат. Мугалимдердин 85% иштин ар кандай түрлөрүн уюштуруу ыкмаларын билишет жана аларды билим берүү процессинде колдонушат.Окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоо ченемдик-укуктук актылар менен жүргүзүлөт. Мониторинг системасы мектепте белгиленген тартипте. жүргүзүлөт.Окуучулардын ден соолугун сактоо үчүн ден соолукту сактоочу жайларды пайдалануу менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.Жалпы мугалимдердин 90% МКТ каражаттарын колдоно алышат.

Алсыз жактары:  Мектепте инновациялык техникалардын  жетишсиздиги. Демөөрчүлөрдүн жоктугу.Мектепке келген окуучулардын социалдык абалы .Окуучулардын кыймылы. Педагогдордун жана окуучулардын изилдөө жана долбоорлоо иштерине начар катышуусу. Таланттуу балдарды аныктоо жана колдоо менен бардык эле мугалимдер  алектенбейт. Ата-энелер коомчулугунун жигердүүлүгүнүн  жетишсиздиги.

3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер

Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары

Тастыктоочу база

3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

3.1

Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү

 

Мугалимдер  үчүн негизги жумуш берүүчү болуп мектеп эсептелет.

Мугалимдерди ишке кабыл алууда жана бошотууда, кызматтан жогорулатууда Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси жетекчиликке алынат.

Педагогикалык кызматка билими жөнүндө диплому бар, тийиштүү педагогикалык квалификациясын ырастаган педагогикалык адистикке ээ болгон жарандар“Эмгек келишимдери жөнүндөгү нускамасына” ылайык эмгек келишимдери түзүлүү менен  кабыл алынат.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан бекитилген:
-Штаттык ырааттама;
-Тарификациялык тизмеге;
-Класс комплектиге  ылайык окуу жылы ичинде мектептин окуу-тарбия процесси жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №336 токтому менен бекитилген  штаттардын санынын типтүү структурасынын негизинде комплектиленет.

КРнын эмгек кодексинин 2004-жылдын 4-августундагы  №106  мыйзамына жана КРнын Конституциясына ылайык  укук ченемдерин камтуучу локалдык актылар менен ишке ашырылат.

Педагогикалык ишке зарыл болгон,педагогикалык квалификациясы бар,кызматы жана адистиги боюнча квалификациялык  мүнөздөмөнүн талаптарына туура келген билими жөнүндө документи бар адамдар кабыл алынат.

Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин о.э. адистигинин билим берүү  программасына шайкеш келүүсүн  төмөндөгүдөй документтер менен тастыкташат:

Кызматкерлердин өздүк көктөмөлөрү, билими тууралуу диплому,кесиби боюнча  адистиги , кайра даярдоо курстарынан  өткөн  сертификаттары.

Перспективдүү план боюнча жыл сайын мугалимдер өз билимин өркүндөтү  курстарынан өтүп турушат.

Ар бир мугалим өзүнүн билимин  өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп , билимин ,чыгармачылыгын ,кесиптик компетенттүүлүгүн  жогорулатып турат.

Мугалимдердин  80% компютердик көндүмдөргө ээ.

 

 

 

3.2

Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;

 

Мектептин физикалык коопсуздугу анын техникалык абалынын коопсуз деңгээлге жеткирүүсүнө байланышкан мониторинг жүргүзүүдөн,  мектептин ремонтун пландоодон, каржы маселесинен, оңдоо-түзөө жумуштарынан, ички жана тышкы баалоо жана кабыл алуу  этаптарынан турат.

Ички баалоону мектеп тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан,тышкы баалоо көз карандысыз комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Ички баалоодо комиссиянын мүчөлөрү ремонттун сапатын, кабинеттин паспортун ,инвентардык китебин, эстетикасын жашылдандыруусун жана материалдык техникалык камсыздалышын  санитардык абалын карашат.

Жыл сайын окуу процессин баштоонун алдында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы  түзгөн  көз карандысыз комиссия тарабынан тышкы баалоо жүргүзүп, мектептин окуу процессин уюштурууга даярдык деңгээлин аныктап окуу процессин баштоого уруксат берилет.

Окуу процессин баштоонун алдында  бардык  педагогикалык  кызматкерлерге, окуучуларга техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча инструктаждар өтүлүп, кол койдурулган,атайын журналдар ачылган.

Мектепте  реалдуу окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата-энелер ортосунда келишимдер түзүлгөн.

Көйгөй  болгон учурларда  класс жетекчилер  профилактикалык иш аракеттерди  жүргүзүлүп окуучулардан анкеталар алынып  талданат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мектепте ар кандай көйгөйлөр боюнча ишеним кутучасы уюштурулган.

Соц.педагог,психолог  жана уюштуруучу тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Жашы жете электердин иштери боюнча инспектор   менен биргеликте ай сайын чогулуштар, рейддер жүргүзүлөт.

Психологиялык тесттер жүргүзүлүп балдардын адаптациясы, өз ара мамилелер боюнча  психологиялык жардамдар көрсөтүлүп турат.

Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн туруктуу бракераждык комиссия иштейт.

Балдардын ден-соолугуна  кам көрүү, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн жылдын башында ар бир окуучу жана кызматкер медициналык кароодон өтөт.

 

3.3

Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу

Мектепте педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын (29-берене) «Мугалимдин статусу» мыйзамынын (5-берене) КРнын Эмгек жөнүндөгү Кодексинин (195-196-беренелер) негизинде  педагогикалык кызматкер беш жылда бир жолу өзүнүн квалификациясын жогорулатып турат.

Педагогикалык  кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүдө мектептин методикалык кызматы мугалимдердин билимин ѳркүндѳтүүгѳ болгон кызыгуусун ойготуу жана шарттарды  түзүү үчүн МИ пландаштыруунун жылдык планынын о.э келечек пландын негизинде төмөндөгүдөй иш чараларды педагогикалык окууларды ,теориялык жана практикалык үйрөтүүчү семинарларды, тегерек столдорду ,чыгармачыл педагогикалык кеңештерди,  декадаларды, ачык сабактарды пландалган  бекитилген график боюнча өткөрүп турат.

Өткөрүлгөн ачык сабактар, иш чаралар талданат жана аларга протоколдор жазылат.

Мектептин  стратегиялык жана жылдык пландарынын бир бөлүгү катары ар бир мугалим  кесиптик өнүгүүсүнүн өздүк жеке темасынын үстүндө иштөө боюнча өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө боюнча жобонун негизинде иштеп чыккан  план боюнча иштешет.

Ар бир УБдеги мугалимдер  тандап алган теманын үстүндө иштөө менен окуучулардын билим сапатын  көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Андан тышкары мезгил-мезгили менен мектеп администрациясы тарабынан “Мыкты мугалим”, ”Мыкты класс жетекчи” “Мыкты жаш мугалим “сыяктуу сынактар жарыяланып, кызыктыруучу сыйлыктар коюлат.

Жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдер дайындалып, кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү үстүндө иш алып барат.

Жаш мугалимдер арасында метод күн өткөрүлүп , анда  жаш мугалимдер насаатчы мугалимдери менен биргеликте ачык сабактарды өткөрүшөт.

Түрткү берүүчү акыдан активдүү иш алып барган  мугалимдерге  да кошумча упай администрация тарабынан кошулуп берилет.

Ошондой эле өзүн  көрсөткөн кесиптештерди мектептин мактоо баракчалары, грамота, дипломдор менен сыйлап, жогору турган мекемелерге сыйлоо тууралуу сунуштарды киргизет.

Графиктер:

Күчтүү жактар:
-Мугалимди жумушка кабыл алуу  КР эмгек кодексинин жана уставынын негизинде жүргүзүлөт.
-Педагогикалык кадрлардын билимдерин жогорулатуу боюнча иштер системалуу иштер жүргүзүлүп турат.
-Алдыңкы кызматкерлер сыйлыктарга көрсөтүлүп, мотивацияланат.
-Жагымдуу психологиялык, коопсуз, педагогдордун ден-соолугун чыңдоо боюнча мотивациялоочу ,стимулдаштыруучу жагдай түзүлгөн.Педагогикалык жана көмөкчү персоналдын тандоосу жана жайгаштыруусу талапка жооп берет.Мугалимдин кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу иши пландуу жүргүзүлөт.-Коопсуздук эреже боюнча инструктаждар убагында өтүлөт, колдору койдурулат, сактоо боюнча көзөмөлдөнүп турат.

Алсыз жактар:
-Алдыңкы мугалимдердин маянасын жогору төлөгөн тармактарга кетип калуу тобокелчилиги.
-Коопсуз мектеп, чөйрө түзүүдөгү МТБ жетишсиздигинин негизинде келип чыгуучу көйгөйлөр.

— Айрым мугалимдердин жаңы технологияларды  начар өздөштүрүүсү.

4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база

4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

4.1.

Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстарды (жабдылган окуу класстары лабораториялар,компьютердик класстар, спорт зал) болушу

 

Материалдык – техникалык  базасы,    мектептин имараты  негизинен  санитардык  нормаларга жана өрт коопсуздугуна жооп берет.

№7 мектеп 1936-жылы курулган  2 кабаттуу кирпичтен салынган .

Проекттик кубаттуулугу  600 орунга ылайыкталган иш жүзүндө 810  окуучу окуйт.

Жылытуунун түрү: көмүр.

Борбордук канализацияга кошулган, ички санитардык түйүндөр    толук иштейт , бирок эски болгондуктан  ушул жылы   санитардык түйүндөрдү оңдоо пландаштырылган. 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандар үчүн пандус курулган.

 Заманбап талаптарга жооп берген спортзал, футболдук  аянтча, ийримдерди өтүүгө ылайык кабинеттери керектүү спорттук инвентарлар менен жабдылган.

Химия ,физика, кабинеттеринде  лабороториялар бар бирок стандартка  жооп бербейт. 

Компьютердик класс талапка жооп берет  мектеп жогорку ылдамдыктагы “Акнет” интернетине кошулган. 

Билим берүү процессинин  катышуучуларынын  окуу кабинеттери талапка жооп берет.

Окуу процессин  жаңы  шарттарга   талаптарга ыңгайлаштыруу  жана  окуучулардын жана кызматкерлердин   эпидемиологиялык коопсуздугуна  байланыштуу маселелерди чечүү максатында санитардык гигиеналык талаптардын, өрт коопсуздугунун,  эмгекти коргоонун жана коопсуздук  ыкмаларынын аткарылышы көзөмөлгө алынат.

4.2

Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун жана коопсуздук ыкмаларынын эрежелери)

  Мектепте билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптары сакталган жана тиешелүү органдар менен тыгыз байланыш түзүлгөн.

Экологиялык,санитардык-эпидемиялогиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер сакталат.

Гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча: окуу жылынын башында мугалимдер, техперсоналдар, ашкана кызматкерлери медициналык кароодон өтүп, медициналык китепчеси талапка ылайык толтурулгандан соң гана кызматка кирише алышат.

Экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер; суу,канализация,туура тамактануу,жогорку сапаттагы жарыктандыруу,энерго эффективдүүлүк, санитардык –эпидемиологиялык  жана гигиеналык эрежелерге толугу менен жооп берет.

Санитардык жана өздүк гигиена боюнча окуучуларга класстык сааттарда сабактар өтүлүп, жалпы линейкада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Жылына бир жолу ремонттолуп, сырдалат.

Эпидемиологиялык эрежелерди аткаруу боюнча ар бир окуу классында антисептиктер  жана мектептин кире бериш жеринде  бүт сүртүүчү антибактериалдык   килемчелер  салынган.

Окуучулардын жана баардык кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында мектептин кире беришинде санитардык филтирлөө уюштурулган, окуу кабинеттеринде абаны тазалап туруучу рециркулятор жана санитайзерлер  менен камсыз кылынган.

Ашканада санпин эрежелерине жана экологиялык талаптарга жооп берген идиш аяктар, жабдуулар, шаймандар менен камсыз болгон.

Өрткө каршы коопсуздук иш чаралар өрт коопсуздугу боюнча эвакуациялык пландар, коопсуздук бурчтар уюштурулган, автоматтык өрт сигнализациясы орнотулган .

Өрткө каршы керектүү жабдуулар менен жабдылган жана өрт чыгып кетүү коркунучунда кошумча чыгуу эшиктер менен жабдылып, керектүү жабдуулар өз убагында жаңыртылат .

Тиешелүү мамлекеттик структуралар тарабынан текшерилип, билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыздоо иштери  тастыкталат.

Эмгекти коргоо багытында ар бир кызматкер менен келишим түзүлүп укук, милдеттери көрсөтүлөт .

Күзөт кызматы келишимдин негизинде   мектептин ички тартип эрежелерине ылайык,  сырттан келген адамдардын кирип — чыгуусу көзөмөлдөнөт.

4.3

Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу;

Мектептин материалдык-техникалык базасы о.э   санитардык-эпидемиологиялык  жана гигиеналык  талаптарга жооп берүүчү учурдагы ремонтту жүргүзүү  боюнча мониторинг жүргүзүлүп  турат.

Жумушчу комиссия план боюнча жылына  1 жолу имараттын жана  кабинеттердин  абалын карап чыгат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы  боюнча мектеп жаңы окуу жылына  мектепти даярдоонун планын түзөт.

Түзүлгөн планга ылайык жыл башында  мектептин  МТБсын жакшыртуунун планы иштелип чыгат.

Жыл сайын Ленин райондук БББнын бухгалтериясы инвентаризациялоону өткөрүү  жөнүндө буйруктун негизинде  инвентаризациялоо жүргүзүшөт.

Мектептеги баалуулуктардын жараксыз болуп  калганын чыгаруу боюнча комиссия  түзүлүп,

Бул комиссия  актыларга ылайык  инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча текшерүү  жүргүзөт жана эсептен чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат.

Мектептин  ар бир кабинетинде  кабинеттин паспорту бар.

Мектеп жыл сайын  жалпы ата-энелер чогулушунда жана  педагогикалык жамаатка  материалдык техникалык базаны чыңдоо иш аракети жөнүндө отчет берет жана талдайт  жана  мектептин инфраструктурасын  жакшыртуу боюнча  иштерди пландаштырат.

Мектеп негизинен республикалык бюджеттен, өз алдынча башкаруу бюджетинен, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен о.э ата –энелердин ,ж.б дын демөөрчүлүгү менен каржыланат.

№7 ОМ  эски,бекем салынган мектептердин бири.

Капиталдык ремонттоодон өткөн эмес,бирок мектеп жакшы сакталган.

Акыркы 5жыл аралыгында   мектептин  материалдык техникалык базасы   ички жана тышкы демөөрчүлөрдүн эсебинен чыңдалып келүүдө.

Билим берүү уюмунунМТБ чыңдоо үчүн мектептин өнүгүү планы иштелип чыккан жана ал пландын негизинде иштер аткарылууда.

Келечекке карата  МТБ чыңдоо үчүн 3-жылдык  мектептин келечек планында төмөнкүлөр каралды:

  1. Санитардык түйүндөрун алмаштыруу  (быйылкы жылга пландалды)
  2. Мектепти жылытуу (көмүр менен жылытууну газ менен    алмаштыруу).
  3. Фасаддын оңдоо.
  4. МТК   менен камсыздоо ,интерактивдүү доска .ж.б.2027-жылга чейин.
  5. Окуу кабинеттерин проекторлор менен камсыз кылуу.
  6. Ресурстук кабинетти  заманбап МКТ менен жабдуу.
  7. Окуу китептерин толуктоо.

 

 

Күчтүү жактар:

  • -Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптары сакталат.
  • — Мектептин техникалык базасынын ,жыл сайын мектепти утурумдук ремонттоонун эсебинен жакшыртылып келиши.
  • -Мектептин чатырынын 100% оңдолушу,  терезелердин 100% ,эшиктердин 100% алмаштырылышы.
  • -Кабинеттердеги эмеректердин  70% жаңыланышы.
  • -МТБ чыңдөө боюнча  стратегиялык пландын болушу жана  аткарылышы.
  • — Соц. тармактарда мектептин баракчалары ачылды.
  • -Мектептин электрондук почтасы,веб-сайты иштейт.
Алсыз жактар:

  • — Борбордук канализацияга кошулган, ички санитардык түйүндөрдүн эскилиги .Туалет жаңылануунун талап кылат.
  • — Окутуунун техникалык каражаттарынын тез эскириши жана аларга каражаттын жетишсиздиги.
  • — Шаймандардын ,химиялык препараттардын жетишсиздиги.
  • — Интерактивдүү досканын жоктугу,проектор,компьютерлердин жетишсиздиги.
  • — Мектептеги МТБ чыңдоону чечүүгө ата-энелердин катышуусунун жетишсиз деңгээли.