23-апрель- Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата окуу фестивалы өткөрүлдү.
23-апрель- Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата окуу фестивалы өткөрүлдү.
Бул фестивалды өткөрүүнүн максаты:
Бул окуучулардын жана ата-энелердин арасында китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу .
“Окуу керемет” долбоорунун алкагында башталгыч класстар арасында китепканачы менен биргеликте Окуу фестивалын өткөрүүнүн жумалыгы болду. Жумалыкка бардык башталгыч класстар тартылып , ар бир класс өзүнчө тандап алган иш чараларды өткөрүштү. Окуу фестивалынын алкагында “Окурман үй –бүлө”, ”Мыкты окурман”,»Китеп куржуну»эстафетасы ,”Окурман театры”-деген иш чараларды уюштурушту.
“Окуу марафону “2Д класстын ата-энелери арасында өткөрүлдү.
“Окурман үй бүлө” иш чарасына 2Д класстын окуучуларынын ата энелери катышып жатышат.Жыйынтыгы кийинки айда чыгарылат.
“Окуурман театры” иш чарасына 1-класстын жана 3-класстын окуучулары катышты.Бул иш чарадан 1Д класстын окуучулары “Колобок” жомогун 3-класс “Кызыл топу” жомогун коюп беришти. 1Д класстын окуучулары КарасартоваЛайло,Джеенкулов Ажыбек,Шергазиев Умар, Медербекова Анелия,Жапаров Нурислам,Акимов Исхак жомокту жогорку деңгээлде аткарып беришип 1-орунду алышты. Ал эми 2-орунду 3Г классынын окуучулары 3- орунду 2Г классынын окуучлары жеңип алышты.
“Мыкты окурман” иш чарасына 2-4 класстын окуучулары сынакка катышты. 3Д класстын окуучулары Мыкты окурман сынагынын жеңүүчүлөрү болуп 1-орунду 3А класстын окуучулары Садырбеков Билал,Токтогулов Даниел Жыргалбеков Ариет жеңип алышты. 2-орунду 4А класстын окуучулары менен 2А класстын окуучулары жеңип алышты 3-орунду 3Д классынын окуучулары жеңип алышты..
Класста өтүлгөн иш –чаралардын ичинен айрымдары тандалып алынып, “Окуу фестивалы”мектептин актовый залында өткөрүлдү. Мындан тышкары “Окурман куржун “эстафетасын тапшыруу аземи болуп, аны 3-класстын окуучулары 4-класска тапшырышты.
Комментарии