Институциональная аккредитация

-ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯ-

Киришүү

Бишкек шаарынын Ленин районунун №7 жалпы орто  билим  берүү  мектебинин   жалпы   мүнөздөмөсү:

  • Билим берүү уюмунун аталышы: Бишкек шаарынын Ленин районунун №7 жалпы орто билим берүү мектеби
  • Дареги: Бишкек шаары, Ленин району, Матыева көчөсү, №13 Телефону :(0312)351904
  • Менчик формасы: муниципалдык
  • Билим берүү уюмунун статусу: жалпы орто билим берүү
  • ИНН  01504200410193
  • ОКПО  20900786
  • Мектеп имараты- типтүү
  • Мектептин жалпы аянты:18379 кв.м
  • Имараттын аянты : 3087,1 кв.м
  • Окутуунун формасы: күндүзгү
  • Окутуу кыргыз, орус  тилинде жүргүзүлөт
  • Негизделген жылы: 1-сентябрь 1936-ж
  • Окутуу 2 сменада жүргүзүлөт
  • Мектептин иштөө режими : 5 күндүк окуу жумалыгы
  • Мектеп 600 орунга   ылайыкталган
  • Окуучулардын саны : 821
  • жалпы 32 класс комплект бар
  • Мугалимдердин  саны : 42

Мектептин миссиясы: “Коомдун жана мамлекеттин заманбап суроо-талаптарына шайкеш келген билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн билим берүү процессинин субъекттерин ар тараптуу өнүктүрүү жана өзүн-өзү тарбиялоо үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү”.

№7 жалпы орто билим берүү мектеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2018-жылдын 9-январындагы №13/1 буйругу менен аккредитациядан өткөндүгүн тастыктаган №СС 180003698 каттоо номери 2018/0048 сертификатка ээ.

Билим берүү уюмунун жетекчисинин аты-жөнү, байланыш телефону: Файзуллаев Нурбек Шайдуллаевич 0700 744 774

Мектептин почтасы:  [email protected]

Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана тастыктоочу база

1.БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
1.      БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ
1.1

Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу

  Өз ишмердүүлүгүндө  №7 жалпы орто билим берүү мектеби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат  жана мектептин ишин уюштурууга багытталган  төмөнкү   укуктук документтерди камыз кылуу менен  иш жүргүзөт.

Устав Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12- жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому  менен бекитилген жалпы  билим берүү уюму жөнүндө  типтүү жобонун  негизинде 2012 -жылы 12-апрелде иштелип чыккан.Юридикалык жакты  мамлекеттик кайра каттоо жөнүндо күбөлүк 2012 -жылдын 20-апрелинде алынган.

Окутуунун формаларын жөнгө салуучу билим берүү уюмунун локалдык  актыларына, мектептин уставына таянуу менен   жоболор  иштелип чыккан.

Алар мектептин ишин аныкташат, ага ыйгарым укуктарды беришет же башка ишти жүзөгө ашыруунун  тартибин белгилейт. Бардык ички актылар иштин бардык багыттары боюнча толугу менен иштелип чыккан жана педагогикалык кеңеште каралып,  мектеп жетекчисинин буйруктары менен бекитилген.

  1.  Билим берүү уюмунун катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салуучу  локалдык  ченемдик  актылар.
  2.  Билим берүүнү уюштуруу иш чараларын жөнгө салуучу  локалдык  ченемдик актылар.
  3.  Мектептеги коомдук өзүн-өзү  башкаруу  органдарынын ишин жөнгө салуучу  локалдык ченемдик актылар.
  4.  Мектептин иш кагаздары менен иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик актылар.
  5. Методикалык ишти жөнгө салуучу локалдык  ченемдик актылар.
  6. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн статусун белгилөөчү локалдуу ченемдик актылар.
  7.  Мектеп ишмердүүлүгүндө финансылык жана чарбалык иштерди жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылар.

1) Билим берүү уюмунун катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салуучу  локалдык  ченемдик  актылар:

2) Билим берүүнү уюштуруу иш чараларын жөнгө салуучу  локалдык  ченемдик актылар:

3) Мектептеги коомдук өзүн-өзү  башкаруу  органдарынын ишин жөнгө салуучу  локалдык ченемдик актылар:

4) Мектептин иш кагаздары менен иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик актылар:

5) Методикалык ишти жөнгө салуучу локалдык  ченемдик актылар:

6) Түзүмдүк бөлүмдөрдүн статусун белгилөөчү локалдуу ченемдик актылар :

7) Мектеп ишмердүүлүгүндө финансылык жана чарбалык иштерди жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылар:

1.2Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы  пландардын болушу

 

 

    Билим берүү уюмунун миссиясы  мектептин уставына ылайыкталып  түзүлгөн.  Өнүктүрүүнүн  келечек  программасында  жана  окутуу тарбиялоо иштерин жакшыртуунун  пландарында  көрсөтүлүп, чагылдырылган. Педагогикалык кеңешмеде (  2018-жылдын 28-августундагы № 1 протоколунда ) каралып бекитилген.

Мектептин  жана кызыктар тараптардын керектөөлөрү  жана  өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктары  эске алынып ,мектепти өнүктүрүүнүн келечек программасында  мектепти өнүктүрүүнүн  концепциясы, механизими, багыттары иштелип чыккан. Ал жыл сайын  анализделип,  толукталып, пед.кеңештердин, өндүрүштүк кеңешмелердин маселелеринде каралып, зарыл деп табылган маселелер менен алмашылып турат. Мектептин өнүгүү программасынын багыттарынын  негизинде  күтүлүүчү натыйжаларды эске алуу менен жыл сайын мектептин окуу-тарбия иштеринин жылдык планы,методикалык  иштердин планы,  ички көзөмөлдүн планы, тарбиялык иштердин планы, МТБнын планы,  ж.б. пландар коллегиалдуу түрдө түзүлөт жана  үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылат.

Миссиясы:

Коомдун жана мамлекеттин заманбап суроо-талаптарына шайкеш келген билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн билим берүү процессинин субъекттерин ар тараптуу өнүктүрүү жана өзүн-өзү тарбиялоо үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү.

Максаты:

Билим берүүнүн сапаттуулугун  сактоо жана  бирдиктүү билим берүүнүн натыйжалуу туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу    менен   инсандын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн мектеп чөйрөсү аркылуу баланын негизги компетенттүүлүгүн калыптандыруу,  инсандык сапаттарга тарбиялоо.

Билим берүүнүн концепциясы мектептин миссиясына,окуучулардын, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана администрациянын күтүүлөрүнө туура келет.  Жыл  сайын  мугалимдердин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо талаптары анкета  ыкмасы менен изилденет, кызыктар тараптардын бардык категориялары  менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

 

 Анализдер:

Пландар:

 

 

 

 

1.3Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын / түзүмдөрдүн болушу

 

Мектептин жамааты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси менен системалуу жана пландуу иш алып барат.   Бул иш-аракетти мектептеги «Билим берүүнүн сапатын баалоо жөнүндө жобо» менен жөнгө салынат.

Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу саясатын ишке ашыруу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:

  • педагогикалык кеңеш;
  • эмгек жамаатынын жалпы чогулушу;
  • методикалык кеңеш;
  • предметтик усулдук  бирикмелер;
  • ата-энелердин жалпы мектеп комитети;
  • мектеп окуучуларынын өзүн-өзү башкаруусу;

Усулдук  бирикмелер,жаш мугалимдер менен иштөө,талдоо жана мониторинг бөлүмү  иш аракеттердин конкреттештирилген милдеттерин  жөнгө салат.

Мектеп ичиндеги билим берүүнүн сапатын  камсыздоо саясатын контролдоо жана баалоо  мектеп  директору ,окуу бөлүмүнүн  башчылары , методикалык кеңеш, усулдук бирикмелердин башчылары  тарабынан жүргүзүлөт.

Билим берүүнүн сапатын  камсыз кылуунун талаптарын  атайын  иштелип чыккан  кызматтык нускамалар жана  жергиликтүү жоболор аркылуу жөнгө салат.

Билим берүүнүн сапатын камсыздоочу жетишкендиктер жана кемчиликтер окуу бөлүм башчыларынын,УБ отчеттору жана жыйындардын протоколдору жыл сайын жазылып турат.

Билим берүүнүн сапатын баалоонун жалпы критерийин мүнөздөөчү көрсөткүчтөр №7 жалпы орто мектебинин ишмердүүлүгү жана мектеп  жөнүндө маалыматтар мектептин расмий сайтына  жайгаштырылган. ( мектептин сайты 7edubish.kg)Сайтта маалыматтын актуалдуулугу , ачыктыгы ,жеткиликтүүлүгү  чагылдырылган.

Мектептин директору: Бердалиев Ч.Б.,ОТИ иштери б-ча дир. о.б. Джунусбекова А.К,ОТИ иштери жана  методикалык иштер боюнча дир.о.б..Жумабекова Н.Д. ОТИ иштери б-ча дир. о.б.Мураталиева Г.И.ТИ боюнча дир.о.б.Аширкулова М.Б,Мамлекеттик тил б-ча дир.о.б. Сыдыкова Г.Т.,Соц пед. Асылбекова Ч.А,психолог Жумабаева Г.С.

Мектепте 7 методикалык бирикме бар:

  1. Кыргыз   тили  жана адабияты УБси
  2. Орус тили жана адабияты УБси
  3. Чет тили (англ) УБси
  4. Башталгыч класс УБси
  5. Табыгый техникалык илимдер УБси
  6. Гуманитардык илимдер УБси (тарых, адам жана коом, география,адеп)
  7. Эстетикалык илимдер УБси (көркөм өнөр,аскерге даярдык, дене тарбия, музыка)

Жоболор:

Мониторингдер:

Усулдук бирикмелердин жылдык пландары:

Функционалдык милдеттер:

1.4

Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)

    Мектеп  Уставдын  негизинде иш алып барат.

Мектеп  окуучуларды  жана кызматкерлерди ар кандай чыдамсыздыкка жана басмырлоого жол бербеген жол-жоболорду колдонот.

Мугалимдердин  жана окуучулардын жүрүм-туруму мектептин ички тартип эрежесинде каралган.

Билим берүү процессинин ичиндеги мектептеги  уюштуруу маданияты өнөктөш демократиялык башталыштарга, көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө негизделген.

Профсоюз комитети тарабынан “Жамааттык келишим”иштелип чыкты жана бекитилди .

Педагогдун кесиптик этика кодексинин негизинде  этика комиссиясы  түзүлүп , билим берүү процессинин  катышуучуларынын  мектептеги ички  мамилелеринин эрежесин тактайт (№ 25/1 буйрук  09.09.2021-жыл)

Конфликттик кырдаалдар келип чыккан учурда этика боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлөт.

Окуучулардын жүрүм-турумунун этикалык нормалары боюнча маселелер негизинен тематикалык класстык сааттарда, алдын алуу кеңешинин отурумдарында каралат.

Класс жетекчилери тарабынан окуучулар менен жекече сүйлөшүүлөр  окуучулардын  жана мугалимдердин  даттанууларынын негизинде жүргүзүлөт.

Чыр-чатактуу кырдаалдар пайда болгон учурда аларды мугалимдер менен маектешүү, кырдаалды түшүндүрүү жана андан чыгуунун жолун аныктоо менен чечүүгө аракет кылабыз. Эгер кырдаал чечилбесе, аны этика боюнча комиссиянын отурумдарында кароо пландалат. Акыркы беш жыл ичинде мындай жагдайлар пайда болгон жок, анткени мектепте кабыл алынган эрежелер жана эрежелер билим берүү процессинин бардык катышуучуларына жеткирилип, бардыгы түшүнүп, кабыл алышат.

Окуучулардын этикалык ченемдерин сактоо боюнча ар тараптуу иш чаралар мектеп парламенти,тарбия завучу,соц. педагог  тарабынан жүргүзүлөт жана сырттан келген долбоолор  менен тренинг, тегерек стол, жыйналыштар өткөрүлүп турат.

1.5

Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу

Жобонун негизинде мектепте Коопсуздук кеңеши иштейт, анын функцияларынын бири коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн абалына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү болуп саналат.

Коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн көрсөткүчтөрүн баалоо үчүн мектепте өзүн-өзү баалоо тутуму иштелип чыккан, ага төмөнкүлөр кирет:

  •  Кабинеттердин паспортун түзүү.Комплекстүү баалоону кабинетте иштеген мугалимдер жүргүзөт;
  • Айлана-чөйрөнүн көрсөткүчтөрү (температура режими, жарык берүү, чиймелердин болушу;
  •  Мектептин аймагын текшерүү чарбалык кызмат тарабынан окуучулардын ата-энелери менен биргеликте жүргүзүлөт;
  • Окуучулардын ооруларынын мониторинги-мектептин медициналык кызматынын иши;
  • Окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылууну талдоону атайын комиссия жүргүзөт (жооптуу мугалим, медкызматкер, ата-энелердин, окуучулардын өкүлү);

  Өзүн-өзү баалоо жылына бир жолу жүргүзүлөт.Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары жалпыланат, билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу боюнча кеңеш тарабынан көйгөйлөр бөлүнүп чыгат жана рейтингделет. (аткаруу деңгээли боюнча ресурстарды тартуу ж. б.) Жыйынтыгы жалпы мектеп чогулушунун талкуусуна чыгарылат. Эң артыкчылыктуу багыттардын үстүнөн иштөөнүн биргелешкен планы түзүлөт. Жыл сайын иш планы аткарылган багыттарга жана каржылоо мүмкүнчүлүгүнө жараша оңдолот. Жыл сайын китепкананын, медициналык тейлөөнүн, социалдык-психологиялык кызматтын ишине мониторинг  жүргүзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1.6

Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу

  Ата-энелер,  коомчулук , мектеп  мезгил-мезгили менен миссиянын, стратегиялык жана учурдагы пландардын аткарылышын  ата-энелер менен иштөөнүн жобосуна   ылайык көзөмөлдөп турат.  Билим берүү максаттарына, окутуунун натыйжаларына,  аткаруунун  натыйжаларына жыл сайын  мектепте мониторинг өткөрүүнүн жобосуна таянып  мониторинг  жүргүзүп,   тиешелүү түзөтүүлөр киргизилет.

Педагогикалык кеңештин жобосуна ылайык чечимдер добуш берүү менен  ачык кабыл алынат. Алар протоколго жазылат, буйрук менен бекитилет жана аткаруу үчүн  милдеттүү.

Педагогикалык кеңештин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп турат.

Сапат үчүн стимулдоочу төлөмдөрдү бөлүштүрүү боюнча жобого ылайык иштин натыйжалуулугу эксперттик комиссиянын чечиминен кийин протокол жана баалоо барактары таанышуу үчүн илинет. Чечим менен макул болбогон кызматкерлер бир күндүн ичинде жазуу жүзүндө арыз берүүгө укуктуу. Үч күн өткөндөн кийин комиссиянын баалоо баракчасы күчүнө кирет жана мектеп директорунун буйругу чыгарылат.

Жыл сайын жалпы мектептеги ата-энелердин чогулуштарында жалпы мектептин ата-энелер комитети жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчет берет. Жалпы мектеп ата-энелер чогулуштарында чечимдер  ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Чечимдердин аткарылышын контролдоо  ата-энелер комитетине жана директорго жүктөлөт.

1.7

Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу

Мектептин сайты —7.edubish.kg·         Мектептин сайты:   www.7.edubish.kg

Мектептин почтасы: [email protected]

Күчтүү жактар:

  • Мектептин веб-сайты, соц тармактагы  баракчалары ачылып  маалымат алмашууга  шарттын түзүлүшү;
  • Ички жергиликтүү актылардын болушу билим берүүнүн сапаты саясатын камсыз кылуу менен   мектептин укуктук чөйрөдө иштөө шарттарын түзүүнүн  толук камсыз болушу;
  • Билим берүү процессинде коопсуз чөйрөнүн түзүлүшү;
  • Кызыктар тараптардын муктаждыктарын жана күтүүлөрүн эске алуу менен билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу саясатына ылайык 2018-2026 –жылга  өнүктүрүү программасы иштелип чыккан;
  • Мектептин миссиясы 2018 — 2026-жылдарга карата өнүктүрүү программасы менен бирге мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан бардык кызыктар тараптар менен макулдашылгандан кийин бекитилген;
  •  Мектепти өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын стратегиялык жана учурдагы пландары бар;
  •  Мектепте мектептин иштөө регламентин камсыз кылган жоболор, көрсөтмөлөр бар;
  • Окуу жылы башталганга чейин мектептин ишинин укуктук документтерин(жоболор, инструктаж, штаттык ырааттама, окуу планы, кызматтык нускамалар, буйруктар, окуу китептери) даярдоо боюнча иштер жүргүзүлөт.
Алсыз жактар:

1. Мектеп имаратынын эскилиги, мебелдердин эскилиги,химия, физика предметтери боюнча атайын жабдуулары бар лабораториялардын жоктугу,  бөлүнүү кабинетердин жетишсиздиги, техникалык каражаттардын  жетишсиздиги. 

2.КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база

2.КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

2.1.

Педагогикалык, административдик,  окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык педагогикалык жана кенже тейлөөчү персоналдарды  кабыл алуу мектептин Уставынын негизинде түзүлгөн жана эмгек келишими аркылуу  жүргүзүлөт. Эмгек келишимдин критерийлери КР Эмгек кодексине ылайык түзүлүп , жалпы мектеп чогулушунда кабыл алынган.

№7 жалпы орто билим берүү мектебинде педагогикалык кадрларды ишке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексинин” 64-беренеси жана мектептин уставынын Жалпы билим берүүчү мекеменин кызматкерлерин топтоо тартиби анын уставы менен регламенттештирилет. Педагогикалык ишке зарыл болгон, педагогикалык квалификациясы бар, кызматы жана адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына туура келген билими жөнүндө документи бар адамдар кабыл алынат. Жумушка кабыл алууда келишимдер менен иш жүргүзүлөт.

2.2

Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23- июлундагы№336 токтому менен бекитилген штаттардын санынын типтүү структурасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин   базистик окуу планында көрсөтүлгөн  предметтерге  карата    окуу  жылынын  аягындагы вакансияларды эске алуу  менен   окуу жылынын башталышында тиешелүү кадрлар менен камсыз кылат.

№7   мектептин  педагогикалык жамаатында 42 мугалим эмгектенет.

Штаттардын комплекттүүлүгү 100%

Педагогикалык кызматкерлердин 95%  жогорку билимге ээ.

Пенсионер мугалимдердин саны- 9.

 

Перспективдүү план боюнча жыл сайын мугалимдер өз билимин өркүндөтүү  курстарынан өтүп билимин, чыгармачылыгын ,кесиптик компетенттүүлүгүн  жогорулатып турат.

Ар бир кызматкер менен эмгек келишими түзүлгөн, анын шарттары КРдин Эмгек кодексине карама-каршы келбейт. КР Эмгек кодексинин 58-беренесинин негизинде директор жумушка кабыл алууда кызматкерди мектептин ички тартип эрежелери менен тааныштырат.  Ар бир кызматкерге «кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча», эмгек стажын жана билимин эсепке алуунун өздүк карточкасы ачылат. Эмгек китепчелеринин кыймылынын китеби жүргүзүлөт. Ар бири кызматкер психиатрдан, наркологдон, медициналык кароодон өтүп,  соттолбогондугу тууралуу тийиштүү документтерди тапшырат. Педагогикалык жамааттын сурамжылоосуна ылайык, мектеп администрациясынын резерви түзүлгөн. Жамааттык келишимге жана КР Эмгек кодексинин 82-беренесине ылайык кызматкер 2 жума мурда эмгек келишимин бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылат.  Мөөнөтү  бүткөндөн  кийин  директор кызматкерди   бошотуу жөнүндө  буйрукту эмгек  китепчесине, кыймыл  китебине жазат.

 

2

 

 

 

 

 

 

2.3

Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

 

Билим берүү процессинин катышуучуларынын  физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөсүн   баалоо   маселелери  негизги орунда турат.  Жыл сайын  билим берүү чөйрөсүн  баалоо боюнча   комиссия  тузүлөт.  Физикалык жана психологиялык деңгээл коопсуздугун  мектеп администрациясы, социалдык-психологиялык кызмат жана мектеп парламенти иликтейт.  Билим берүү процессинин катышуучуларынын  өз ара мамилелерин  баалоо жана физикалык ,психологиялык билим берүү чөйрөсүн изилдөө боюнча анкета жүргүзөт. Сурамжылоонун жана изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча  кемчиликтер талкууланып  билим берүү процессинин физикалык жана психологиялык чөйрөсун  өнүктүрүү  боюнча чечимдер кабыл алынып түзөтүү иштери жүргүзүлөт.

Жылына 2 жолу өрт коопсуздугу жана техникалык коопсуздук боюнча инструктаж өткөрүлөт. Ар бир кабинетте  өрт коопсуздугу жана техника коопсуздугунун нускамалары илинген. Кабинетке коюлган талаптар билим берүү процессинин  катышуучулары  тарабынан коопсуз физикалык билим берүү (жарык берүү, желдетүү, тазалоо, жашылдандыруу ж.б.).   сакталат . Жыл сайын граждандык коргонуу күнү өткөрүлөт.

 

 

2.4

Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Педагогдордун, администрациянын жана кенже тейлөөчүнүн ишин баалоо үчүн белгилүү бир система иштелип чыккан.  Мектептеги иш-аракеттерди баалоо үчүн эксперттик комиссия түзүлгөн .  Түрткү берүүчү фонддун бөлүгүн бөлүштүрүү жөнүндө жобо  иштелип чыккан .  Жобого ылайык эксперттик комиссиянын жыйыны квартал сайын өткөрүлүп турат,  Анда белгиленген критерийлерге ылайык дем берүүчү фонд бөлүштүрүлөт.  ШМОнун  жетекчилери педагогдордун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт. Өткөн чейректин объективдүү жыйынтыгы боюнча ар бир критерий боюнча көрсөткүчтөр эске алынат. Ошондой эле мектеп ичиндеги «эң мыкты мугалим»  конкурсу өткөрүлөт.  Конкурстун жыйынтыгы дем берүүчү фондду эсептөөдө эске алынат.

Мугалимдин ишмердүүлүгүнө эң маанилүү баа болуп сыйлыкка көрсөтүү эсептелет.

Мектептин  мугалимдерине мотивация берүү жана сыйлык тапшыруу  жогору  тийиштүү органдарга сунуштоо каралган.

Өзгөчө эмгеги үчүн  педагогикалык кеңештин алдында сунушталып, сыйлыкка көрсөтүлөт . Жыл сайын 1-2 мугалим грамота менен сыйланышат. Жетишкендиктердин мониторингине ылайык ички директордун  буйругу  менен мугалимдердин эмгек китепчесине жазылат.

 

Күчтүү жактар:

  • Педагогдордун кесиптик курамы туруктуу, бирдиктүү жана туруктуу мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык.
  • Педагогдордун эмгегин баалоонун жана мотивациялоонун сапаттуу жана натыйжалуу системасы түзүлгөн.
  • Педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатуу курстарына үзгүлтүксүз катышуусу , тажрыйба алмашуусу.
  • Мугалимдер шаардык методикалык кеңештердин иштерине катышышат
  • Класстан тышкаркы иштердин системасы оңдолду.

Алсыз жактар:

  • Мугалимдердин 40 % салттуу билим берүү модели боюнча иштешет.
  • Негизги көндүмдөрдүн жана компетенттүүлүктүн жоктугу.
  • Окутуунун активдүү методдорун өздөштүрүүгө мативациянын жоктугу

3.МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

 

Өзүн-өзү    баалоо үчүн критерийлер

Өзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база

3. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

3.1 Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу

 

Материалдык – техникалык базанын абалы жана мазмуну мектептин имараттары негизинен санитардык нормаларга жана өрт коопсуздугуна жооп берет. 1936-жылы курулган 2 кабаттуу кирпич имаратында жайгашкан. Проекттик кубаттуулугу  600 орунга ылайыкталган, иш жүзүндө 820  окуучу окуйт. Коопсуздуктун алдын алуу максатында  мектептин алдында жана ички  коридорлордо видео көзөмөл камералары орнотулган. Мектептин бардык жайлары өрт сигнализациясы менен жабдылган;Борбордук канализацияга кошулган, ички санитардык түйүндөр    толук иштейт , бирок эски болгондуктан  2021-2022-окуу жылына   санитардык түйүндөрдү оңдоо мектептин келечек планына киргизилген. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандар үчүн пандус курулган.  Мектеп имаратынан сырткары  жер участогунда  спорттук атайын жасалган 2 футбол талаасы, баскетбол-волейбол аянтчасы, тилке (башталгыч класстардын окуучулары үчүн оюн зонасы), узундукка секирүү аянтчасы бар. Мектепте медкабинет, 100 орундуу актылар залы, 40 орундуу ашканасы   бар. Окуучулардын жана баардык кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында мектептин кире беришинде санитардык филтирлөө уюштурулган. Окуу кабинеттери  абаны тазалап туруучу рециркулятор жана санитайзерлер  менен камсыз кылынган.
3.2 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)

 

№7 жалпы орто билим берүү мектебинин  имараты сейсмикалык коопсуздукка, өрт коопсуздугуна,  санитардык нормалардын  жана эрежелердин  талаптарына жооп берет.  Мектеп жыл сайын  мамлекеттик  санитардык эпидемиялогиялык  борбордун көзөмөлүнүн текшерүүсүнөн өтөт.   Экология жана  техникалык коопсуздук боюнча жыл сайын  энергетикалык паспорт күбөлөндүрүлөт.  Өрт коопсуздугу, экологиялык коопсуздук жана техника коопсуздугу боюнча эрежелер иштелип чыккан жана бекитилген.  Өрткө каршы эвакуация схемалары илинген. Өрт коопсуздугунун алдын алуу менен эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча мугалимдерге, окуучуларга ошондой эле тех.кызматкерлерге нускаманын негизинде окуу  өткөрүлүп  журналга кол коюлат. Ар жуманын,айдын аягында дезинфекцияларды  колдонуу менен генералдык  жууп тазалоо жүргүзүлүп, көзөмөлдөнүп турат.  Мектептин айлана чөйрөсүндө  бак-дарактар тигилип көрктөндүрүлгөн,  окуу кабинеттери,  залдар жашылдандырылган.  Ар бир кабинетте  коопсуздукту сактоо эрежелери илинген .Тиешелүү профилдеги тех. кызматкерлер жана мектептин баардык кызматкерлери  окуу жылынын башында  бейтапканадан медициналык кароодон  өтүшкөн. Химия, физика, информатика кабинеттеринде жана спорт залда окуучулар үчүн коопсуздук техникалык эрежелер өткөрүлүп, атайын журналдарга таанышкандыгы тууралуу колдору коюлат.
3.3 Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу Материалдык -техникалык базасын чыңдоо үчүн  мектептин жэылдык  жана  өнүктүрүү планынын негизинде иштелип  чыккан  пландарга карап иш жүргүзөт.  Материалдык — техникалык  базаны  жана маалыматтык ресурстарды  жакшыртуу боюнча иштер талданып, бааланып,абалын жакшыртуу боюнча механизм иштелип чыккан. Мектепте маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча вебсайты,соц тармактагы баракчалары иштелип чыккан.  Мектептин сайты  7.edubish.kg Сайтта маалыматтын актуалдуулугу , ачыктыгы ,жеткиликтүүлүгү  чагылдырылган.

Мектепте  жылына бир жолу материалдык-техникалык базаны инвентаризациялоо  жүргүзүлүп  турат. Мектепте материалдык-техникалык базанын мониторинги, ошондой эле санитардык — гигиеналык талаптарга ылайык оңдоо-түзөө иштери жүрүп турат. Мектептин планы боюнча жылына 1 жолу жумушчу комиссия кабинеттердин жана мектептин имараттарынын абалын иликтейт. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мектепти жаңы окуу жылына карата кемчиликтерди жоюу боюнча иш жүргүзүлөт.   Жыл башында материалдык-техникалык базаны  жакшыртуу боюнча план түзүлөт. Жыл сайын РББ бухгалтерлери тарабынан инвентаризация жүргүзүлөт.   Мектепте материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу боюнча комиссия түзүлгөн.  Бул комиссия актыларга ылайык инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча текшерүү жүргүзөт жана эсептен чыгаруу жөнүндө чечим чыгарат.

 

Кабинеттердин паспорттору:

Күчтүү жактар:

  • Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптары сакталат.
  • Мектептин техникалык базасынын  жыл сайын мектепти утурумдук ремонттоонун эсебинен жакшыртылып келиши.
  • Мектептин чатырынан оңдолушу 100%,  шаардык депутаттардын жардамы менен  терезелердин ,эшиктердин 100% алмаштырылышы.
  • Кабинеттердеги эмеректердин жаңыланышы.

Алсыз жактар:

  • Борбордук канализацияга кошулган ички санитардык түйүндөрдүн эскилиги .Даараткана жаңылануунун талап кылат.
  • Окутуунун техникалык каражаттарынын тез эскириши жана аларга каражаттын жетишсиздиги.
  • Интерактивдүү досканын  жоктугу.Проектор,компьютерлердин жетишсиздиги.
  • Мектептеги көйгөйлөрдү чечүүгө ата-энелердин катышуусунун жетишсиз деңгээли.

4.ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база

4.   ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ

4.1 Финансылык пландоо системасынын болушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, муниципалдык  укуктук актыларына  ылайык, билим берүү уюмунун материалдык техникалык  базасын чыңдоо жана өнүктүрүү окуу процессин ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарттарынын бири болуп саналат.

Материалдык -техникалык база  билим берүү уюмунун программасынын иштеши жана ишке ашырышы үчүн  зарыл шарт.

Мектептин өнүгүү планы, финансылык ж.б ресурстар,долбоорлор иш аракеттин планынын формасынын күтүлүүчү натыйжаларын эске алуу менен түзүлгөн.

КР «ББ законунун №92 30.04.2003 жылдагы 43 статьясынын негизинде мамлекеттик бюджеттен мектептеги кызматкерлердин айлык акысына, коммуналдык кызматтарга, утурумдук ремонт иштерине, командировкалык чыгымдарга, налогго, соц.фондго, ж.б бөлүнөт. Пландоодо керектүү  чыгымдар жазылат.

Стратегиялык жана ыкчам пландаштыруунун бир бөлүгү катары  ресурстар  менен камсыз кылуу боюнча финансылык пландар жана пландык көрсөткүчтөр бар.

Мектептеги каржылык пландаштыруунун принциптери төмөнкүлөр:

1. финансылык пландаштыруунун ачыктык жана айкындыгы

2.финансылык пландардын аткарылышын контролдоо.

 

4.2 Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушуКР “билим берүү жөнүндө” 43/1 беренеси боюнча мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин финансылык  жана башка материалдык  каражаттарды тартуусу, билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы  келбеген, жеке жана юридикалык  жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн , кайрымдуулуктарынан жана башка түшүүлөрдөн түзүлгөн финансылык  материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тарта алат.  №7  жалпы  орто билим берүү мектебинин ата-энелер чогулушунда  ата-энелеринин коомдук бирикмесинин кеңеши түзүлгөн. Мектептин материалдык базасын чыңдоого  жана окуучулардын билим сапатын көтөрүү иштерине байланыштуу иш жүргүзүүдөгү маселелер ата-энелер менен биргеликте чогулушта каралып чечилет.

DOS-CREDOBANK банкы менен келишим түзүлүп,реквизиттик төлөм ачылган. Коомдук бирикме тарабынан ай сайын соцфондго жана райондук билим берүү борборуна отчеттор берилип турат.

 

4.3 Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектептин ишин камсыз кылуу,өнүктүрүү жана матералдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн камкорчулук кеңеши донорлорду, финансылык жана башка матералдык каражаттарды издейт жана тартуу боюнча иш жүргүзөт.  Мектептин бюджети республикалык  жана жергиликтүү бюджеттен түзүлөт.  Мектеп ишин пландоодо кирешелердин жана чыгашалардын бюджети түзүлүп , керектөөлөр эске алынып, мектептин материалдык техникалык базасынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча мектептин муктаждыгы боюнча пландаштыруу жүргүзүлөт.  Бул планды ишке ашырууда  жалпы мектептин ата-энелер комитетинин, чечимдери талкууланат.  Ата-энелерден түзүлгөн коомдук бирикме  мектептин материалдык-техникалык базасын талдайт.  Финансылык маселелерди чечүү үчүн сметаларды карап чыгышат.  Финансылык чыгымдар жөнүндө класстык чогулуштарда, жалпы мектептин ата-энелер чогулушунда  жалпы мектепке отчет берет.
Күчтүү жактар:

  • Айлык акынын убагында берилиши. Айлык акыларды эсептөөдөгү автоматташтырылган системасы.
  • Мамлекеттен,кошумча ресурстарды тартуу менен  мектептин материалдык -техникалык базасынын жаңыланышы, эшик терезелердин оңдолушу,кабинеттердин жабдылышы окуучулардын билим сапатынын жогорулашына таасирин тийгизет.
  • Отчеттуулуктун ачык айкындыгы пландалган иштин алга жылышына өбөлгө түзөт.

Алсыз жактар:

  • Тех. персоналдардын айлык акысынын жетишсизди.
  • Мектептеги көйгөйлөрдү чечүүгө ата-энелердин катышуусунун жетишсиз деңгээли.
  • Ата-энелерден тышкары ыктыярчыларды  тартуунун жетишсиздиги.